Домой Жаңылыктар Жумгалга массажист, психолог, деффектологдор келишти

Жумгалга массажист, психолог, деффектологдор келишти

20

Жумгал районуна ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерди баккан жарандарга психологиялык жардамдар берилип, окуу өткөрүлдү.

Жумгал райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы Дүнөлүк азык-тулук программасынын колдоосунун алкагында 2021 жылдын 25 августунан баштап башкармалыктын каттоосунда турган 58 дайыма көргөзмөгө муктаж ( ДЦП ) 18 жашка чейинки балдардын эне аталарына ( персональный ассистенттерге ) окуу – тренинг уюштурулду. Ага Бишкек шаарынан келишимдин негизинде проффесионалдык квалификациясы, тажрыйбасы бар массажист, психолог, деффектологдор чакырылган. Келген адистер ден соолугунун мумкунчулугу чектелген балдарга туура жардам беруу ыкмаларын үйрөтүп,кеп кеңештерин айтышты.

Аны менен катар азыркы оор учурда балдары менен кыйналып турган эне аталарга да психологиялык жардам көрсөтүлүп, Деффектолог – логопед өз учурунда балдарга керектүү көндүмдөрдү жасатышты.

Долбоордун шарты боюнча ар бир катышуучуга ун, май берилет.