Домой Жаңылыктар Жумгалдыктар жасалма мөңгү жасашты

Жумгалдыктар жасалма мөңгү жасашты

13
Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтү алыскы Миң-Теке жайлоосундагы «Басалды» деген эң бийик жерине жасалма мөңгү жасоо демилгеси көтөрүлүп, айыл өкмөт, жайыт комитети аталган жайга керектүү шаймандар менен 3 жерге суу агылмасын орнотушту.
Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Рустам Алымкуловдун айтымында бул атайын сыноо иретинде коюлган. Айыл өкмөт башчысы өткөн жылы эксперимент катары үйүнө жасап көргөн.
«Чаек айылынын айдоо аянттарына түшкөн​ Чет —​ Кууганды суусу ошол Миң-Теке шайлоосунан агып келген суу. Биз ошол жака атайын жасалма мөңгү жасайлы деп азыр 3 жерге шланг менен тартып келип, бийиктиги 3 метрдей болгон жерге суу агызып койдук. Дөң жерден ылдый агып аткан суудан атайын шлаг менен тартып койдук. Суунун башына 70чи шланг коюп, андан ылдый жагына ичкертип отуруп 100 метрлик болгон 20чы шлагдардан койдук.​ Негизи өзүм өткөн жылы эксперимент катары үйдө жасап көргөм. Бул өзүмдүн эле демилгем болду. Негизи суу жок болуп, кургакчылык болуп жатпайбы. Улам барып карап, көзөмөлдөп турабыз. Октябрь айында да барып карайбыз. Негизи 40 жерге ушинтип коелу деп жатабыз. БСР, БДС суу сактагычтарды коелу, орнотолу деп жатпайбызбы, анын пайдасы эмне суу ылдый түшпөй жатса. Азыр суу жок эле, суу талаш болуп жатпайбы. Бул кошумча да, эгер ушул жасалма мөңгүбүз ишке ашып кетсе, муну дагы башка айылдарга жайылталы деп жатабыз. Суу болсо дан болот, тоют болот, тоют болсо мал эттенет, мал семиз болсо баасы жакшы болот», —​ дейт Алымкулов.
Бул жасалма мөңгүнү жасайбыз, орнотобуз деп кеңеш сурагандарга эшигибиз ачык. Ушул ишибиз алдыга жылып, элге пайдасы тийип кетсе деген эле тилек, —​ дейт ал.