Домой Жаңылыктар Жумгалдагы тиш дарыгерлер кандай жерде иштешет?

Жумгалдагы тиш дарыгерлер кандай жерде иштешет?

9

Жумгал райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун карамагындагы тиш дарылоо бөлүмүнүн азыр баш калкалап жаткан имараты чирип бүттү.

Айла жоктон иштеп жатам деген дарыгерлердин тили кыска болуп турган чагы. Чатыры тешилип, шыптары чирип, эски оорукана болгон имараттан эч нерсе деле калбагандай. Тиши ооруган адам, бул жака келсе тиши деле басылып калат.

Айыл тургуну Асель Бекматованын айтымында, тишти деле курт жейт, ичти деле курт жейт. Ал эми эски имаратты курт жеген жаман.

“Айтайын дегеним ооруканалар биригүүгө барып, аймактык оорукананын администрациясы кенен бошогон. Ал жака көчкөн мурунку үйбүлөөлүк медицина борборунун аппараты, бухгалтериясы жылдырылган. Бирок ошентсе деле тиш доктурларга жакшырак шарты бар бөлмө же имарат табылган эмес. Эмнеси болсо да жакын арада жакшырак имаратка көчүп, элдин тишине да жакшы шарттар түзүлүп калаар”,- дейт ал.

Жумгал райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директорунун орун басары​ Калысбек Талантбек уулунунун айтымында, жаңы имарат курулат деп маселе көтөрүлүп керек болсо Жогорку Кеңешке чейин барышкан.

“Мен мурда тиш дарыгери элем, орун басарлык кызматка келгенден баштап болгон күчтү ошол жака жумшагам. Мына ушул жылы курулат болуп мурунку жана жаңы аким түзүлгөн планды алып Жогорку Кеңешке чейин барып келгенбиз.
Салынат деп ошол бойдон бүтпөй калды.
Учурда 6 тиш дарыгери 3 техникалык кызматкер эмгек кылышат. Тиш дарылоо бөлүмүндө кепилдик программа аркылуу 10 жашка чейинки балдар, кош бойлуу айымдар,​ пенсионерлер, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар менен баатыр энелер бекер дарыланышат”,- дейт ал.