Домой Без рубрики Жумгалдагы дартка даба ысык суунун шарты жакшы эмес

Жумгалдагы дартка даба ысык суунун шарты жакшы эмес

10

Жумгал районунун Чаек айыл аймагына караштуу Жаман-Талаа чөлкөмүнөн орун алып дартка даба катары колдонулуп келе жаткан ысык суунун учурда шарты жакшы каралбай жатат.

Аталган жайдан чыккан жер суусуна катарлаш турак-жай салынган. Анын ичинде 2 бөлмөчө курулуп 4 жууна турган жайы (ванна) орнотулган.

Бирок ал жакта шарттын жоктугунан улам сууга түшүүгө келген тургундар тазалыктын жоктугуна, бөлмөлөрдүн ичинен орун алган атайын жууна турган жайлардын эскилиги жеткенине, акы алып кызмат көрсөтүп жатканына нааразы болушат.

Маалымат үчүн айта кетске, ысык суу атайын жер алдынан чыгат, бир канча температурадагы ысык суу атайын денедеги жараларга, кан басымы боюнча ооруган жарандар менен тери ооруларына карата суу дартка даба катары колдонулуп келет.