Домой Маданият Жумгалда кыргыз тил күнү белгиленди

Жумгалда кыргыз тил күнү белгиленди

6
Жумгал районунда кыргыз тил күнү белгиленди. Иш-чара бүгүн, 22-сентябрда борбордук аянтта мектеп окуучулары, тургундар жана активтердин катышуусунда өттү.
Иш-чарага район акиминин орун басары Фатима Өмүралиева, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Насыбалы уулу катышып, улуттук тил күнү менен өз куттуктоолорун жолдошту. Райондун борборундагы 3 мектептин жана 1 музыкалык мектептин окуучуларынын катышуусунда көркөм окуу, кыргыз тилин даңазалаган ырлар жандуу айтылды.
Аны менен катар райондун бардык орто мектептеринде тил күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлдү.