Кочкор жана Жумгал районунун ортосундагы Кочкор-Чаек унаа жолунунун 55-чакырымында жайгашкан Кызарт белинде KIA-K5 унаасы менен Subary-Legasy үлгүсүндөгү унаалар кагышып натыйжада 7 жаран жаракат алышты.
Окуя үстүбүздөгү жылдын 19-сентябрь күнү болуп өткөн. КР ӨКМ басма сөз кызматынын маалыматында, унааларда болгон жалпы 7 жаран (2 эркек, 5 аял жолдош) ар кандай жеңил жаракат алышкан. Жеринде төрт куткаруучу жабыркаган адамдарды унаалардан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Бул кырсык Жумгал РИИБне жана райондук тез жардам кызматына катталган эмес. Территория Кочкор районуна карайт.


