Домой Жаңылыктар Короодо өскөн дарбуз, коон: Жумгалда талаа күнү белгиленди

Короодо өскөн дарбуз, коон: Жумгалда талаа күнү белгиленди

10

Жумгал районунун Байзак айылында “APNIP” – Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак ашты жакшыртуу долбоору аркылуу талаа күнү белгиленди.

Долбоорго өлкө боюнча 30 суу пайдалануучулар ассоциациялары (СПА) кирген. Анын ичинде район боюнча жалгыз Байзак айылы пилоттук катары кошулган.

Айылдык кеңештин депутаты Таалай Исмаиловдун айтымында, долбоорго кирген облустун аймагындагы СПАлар (Ассоциация вода пользователей) иш тажрыйба алмашышты.

“Долбоордун​ 2-компоненти менен жашылча жана тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча Нарын облусунда долбоорго кирген СПАлар арасында иш тажырыйба алмашуусу болду. Долбоорго кыргызстан боюнча 30 СПА кирген , анын арасында биздин Байзак СПАсы да бар. Негизги этаптары бул каналдарды калыбына келтирүү, оңдоп түзөө, кеңеш берүү жер иштетүү жана жашылча жемишти айдоо, аны өстүрүү менен тоют топтоо ж.б кирет. Талаа күнү райондо биринчи жолу өтүп, ага тургундар өстүргөн жашылчалар көргөзмөгө коюлду”,- дейт Т.Исмаилов.

Жарманкеде коргоого өстүрүлгөн дарбуз, коондор да коюлган.

з