Домой Без рубрики 12 жашынан спортко тартылган «Грэпплинг» боюнча дүйнө чемпиону Айдай Орозбекова

12 жашынан спортко тартылган «Грэпплинг» боюнча дүйнө чемпиону Айдай Орозбекова

11

Эркектерден кем калышпай, спорттун грепплинг түрүнөн күч сынап ийгиликтерге жетишип жаткан дүйнө чемпиону Айдай Орозбекова 2003-жылы Бишкек шаарында туулган, ата-теги Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылынан болот. Айдай дүйнө чемпиондугуна мектепте окуп жүргөнүндө жетишкен, ал эми учурда 1-курстун студенти. Ал учурда Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына (КМДТСА) тапшырып бюджеттик негизде окуп жатат. Спортчунун ийгиликтери менен алдыдагы мелдештерине кандай даярдык көрүп жатканына кызыгып көрдүк.
Айдай тууралуу айтсак: ал мектепте окуп жүргөн кезинде Келечек жана Алыш залдарында сорт чеберлери Бообек Тоошев менен Эмил Токтогоновдун кол алдында машыккан. Учурда «Bisport» аталыштагы машыгуу залында жана академиянын спорттук залында машыгуусун улантып келет. Анын учурдагы машыктыруучусу Нурбек Оросулбаев.

Спорттун “Грепплинг” түрү менен 12-жашынан бери машыгат, көптөгөн чемпионаттардын жеңип келген. Ал алгачкы ирет 2017-жылы (январь) «Джиу-джитсу» боюнча өлкө чемпиону 1-орун, 2017-жылы (апрель) «Джиу-джитсу» боюнча ачык түрнирде 2-орун, 2017-жылы (апрель) Казакстан өкөсүндө өткөн Эрежесиз мушташ боюнча 2-орун, 2017-жылы (июль) «Грэпплинг» боюнча өлкө чемпиону 1-орун, 2017-жылы (ноябрь) «Wef Amateurs» эрежесиз мушташ боюнча (бои без правил) 1-орунду алган.
-2018-жылы апрель айында Бишкек шаарында өткөн Джиу-джитсу боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынган. Ушул эле жылдын май айында «Джиу-джитсу» боюнча эл аралык турнирде (no-gi) версиясынан 1-орунду, (gi) версиясынан да 1-орунду алууга жетишкен. 2018-жылы сентябрь айында Казакстандын Астана шаарында өткөн дуйнө чемпионатына катышып 2-версига күрөшүп (no-gi) версиясынан дүйнө чемпиону (no -gi) версиясынан коло медальдын ээси болгон. 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча (Sports awards) мыкты грепплер айым наамына ээ болгон. 2018-жылдын (ноябрь) Казакстандын Алматы шаарында «Грэпплинг» (Arlan Grip Selection) боюнча 1-орун, ушул эле жылдын декабрь айында өткөн ушул түрүнөн да 1-орунду алган. 2018-жылдын аягы «Грэпплинг» боюнча Азия чемпионатында (no-gi) киминосу жок версиясынан 1-орун, ал эми (no -gi) кимиону бар версиясынан 2-орунду алган.

-2019-жылы «Грэпплинг» боюнча шаардын чемпиону 1-орун (чемпионат города по номад грэпплингу), 2019-жылы «Грэпплинг» боюнча шаардын чемпиону 3-орун (чемпионат города по номад грэпплингу), 2019-жылы (ноябрь) Баку, Азербайжан шаарларында «Грэпплинг» боюнча 2-орун (чемпионат мира по грэпплингу).

АНТКЕТА:
Үй-бүлөөдө 2 бир тууган.
Өзүнөн улуу 1 агасы бар. Чоң атасы спорт чебери Орозбек Орозалиев.
Апасы Чолпон Батракеева, атасы Ырыскелди Орозалиев. Тилеке каршы жаш спортчу 3 жашынан бери апасынын колунда чоңоюп, ушул эрежеге жеткен.

-Айдай Саламатсыңбы, спортко кызыгып, ага тартылып калууңдун себеби эмнеде, үй-бүлөөдө же ата-тегиңде спортчулар болгонбу?
Саламатсыздарбы. Бул өнөр менин өзүмдүн каалоом менен эле келген деп ойлойм. Чоң атам күрөшчү болгон (ред.Кыргыз ССРинин спорт чебери машыктыруучу Орозбек Орозалиев тууралуу), мен болсо анын изи менен кеттим. Жаңы спорт менен машыгып баштаганда аябай оор болду, бирок мээнет менен көп нерсеге жетиштим. Өзүмдүн тайэне, тайатам жана апамдын ишенүүсү менен ушул ийгиликтерди багынтып олтурам.
– Канча жашыңыздар спортко кызыгып бара баштадыңыз?
Мен эки бир тууганмын, менден улуу агам бар. Мен 12 жашка толгондо улуу агам секцияга ээрчитип келди. Башында оор болду: ал жакта жалгыз кыз болуп, балдар менен машыкчумун. Бирок убакыттын өтүшү менен дал ушул нерсе мага физикалык жана техникалык жактан чыңдалууга жардам берди. «Грепплинг» жана «Жиу-житсу» абдан окшош. Мага алар өзүндө ооруткан жана муунткан ыкмалары, анын ичинде көптөгөн күрөш түрлөрүнүн элементтери менен айкалышканы жагат. Кармаштын баары тең кооз күрөштө өтөт.
Дайыма машыгасызбы жана сиздин машыгуудагы өнөктөрүңөр кимдер?
Окуп жүргөндө аптасына 6 жолу машыкчумун жана кроссфит менен алектендим. Убакыттын көбү күрөш ыкмаларын өздөштүрүү менен өтөт. Менин спарринг-өнөктөрүм — спорттун ММА түрүнүн балбаны Ариет Бекишов, грэпплер Азат Эмилбеков. Алар менден оор, бирок бул жакшы жышаан. Азыр эми студентмин азыр машыгуум күн сайын десем болот.
Турнирлерге катышууга кимдер демөөрчү болуп жүрдү?
Турнирлердин баарына менин тайатам жана апам спонсор болгон. Ал эми дүйнө чемпионатына федерациянын президенти Тынчтык Сулайманов агабыз жардамын берген.
Машыктыруучуларыңдан айта кетсең, сенин эмгектериңдин артында мыкты машыктыруучулар болот эмесби?
Эң биринчи тренерим Ильяз Исманов агайым көп нерсеге мени үйрөтүп, спортто оорчулук көп болоорун айткан. “Ар мүнөт сайын ошонун баарына даяр бол” – деген кеңешин көп айтаар эле. Андан кийин Бообек Тоошев, Эмил Токтогоновдун кол алдында машыктым, ал эми учурда «Bisport» аталыштагы машыгуу залында жана Дене — тарбия жана спорт академиянын спорттук залында машыгам. Учурдагы машыктыруучум Нурбек Оросулбаев.
Дүйнө чемпиону наамын кантип алып калдыңыз, турнирлерде өзүңө ишенүү болобу?
Мындай деңгээлдеги турнирде бир нерседе өзүнө ишенүү кыйын. Анткени мен ал жакта күч сынап чыгам деп мерчемдеген эмесмин — баруума, катышуума жана жолго акча жетишпей турган. Стартка дейре эки ай калганда мага КР UWW грепплинг федерациясынан байланышка чыгышып,  жардам сунушташты. Анын башчысы Тынчтык Сулайманов — мыкты шыктандыргыч. Мен алтын тагынып келишим керектигин, ал эми коло менен үйдө кабыл албасын айткан. Даярданууга убакыт аз калып, болгон күчүм менен эмгектенип жаттым. Жүзүм тытылып, денемде көгала жана тиштин тактары калган — дүйнө чемпиону наамы ушундай баанын арты менен келди. Туугандарым кубанып, апам ыйлады. Ошондо жыл жыйынтыгы боюнча өткөн Sport Awards салтанатында «Мыкты грепплер» номинациясында жеңишке жетиштим. Мен ал кезде мектеп окуучуларынын арасында мыкты аталдым жана бул башталышы гана. Эми учурда ал кезден чоңойдук, мындан ары улуулардын тобуна өтүп, ал жактан да жеңиштерди багындыргым келет. Талыкпай машыгууну улантууга шык берген нерсе ушулар.
Турнир, жеңиштериңиз жана беттеш үчүн тез арада ашыкча салмак таштоо тууралуу кеп салсаңыз?
2018-жылы күзүндө эки жолу Казакстанга Arlan Grip беделдүү турнирине барып келдим. Биринчи сапарым учурунда күтүүсүз жерден эле салмак ченетүүгө кимоночон баруу керектигин угуп калдым. Кимоночон салмагым ченемден бир кг оорураак болуп калып, мени таймаштан четтетип коюшмак. Ашыкча тамактануудан баш тартып, кошумча машыгууга аргасыз болдум. Натыйжада өз категорияма чак келип калдым. Тыныгуусуз төрт айлампа өттүм — уюштуруучулар эмнегедир улам-улам килемге чакырып, эс алдырбай коюшту. 2018-жылы да «Жиу-житсу» боюнча Азия чемпионатын жеңүүчү аталгам. Ал Бишкекте өтүп, жердештеримдин көзүнчө таймашууга өзгөчө кубанды. Кыргызстандын биринчилигине чейин беш-алты киллограм таштайм. Диетага отуруп, атайын костюмда машыгам. Эгер салмак жоготууга бир апта болсо, анда суп жана салаттар менен тамактанып, рациондон шекер жана тузду жоюп салам. Эгер эки-үч күн ичинде ашыкча салмактан арылуу керектелсе, анда таптакыр эле тамактанбай коём. Кээде мунун айынан баш айланып, басуу кыйындап, барын таштап салгың келет.
Турнирлерге өз эсебиңизден барасызбы?
Көпчүлүк учурда ооба. Менин башкы демөөрчүм жана мыкты шыктандыргычым — чоң таятам Эркинбек Батракеев. Башында айта кеткендей, ДМ – 2018ге барууга мага федерация жардам берген. Ал эми мамлекет эч нерседен жардам бербейт.
— Сиздин жакшы көргөн ыкмаңыз барбы?
Таянгычта туруп «үч буручтуу» муунтуу. Ал секирикте жасалып, абдан кооз көрүнөт. Дайыма мөөнөттөн мурда утуп кетем.
Жаракат алган күндөрүңүз болгонбу?
Жок. Өзүмө жана башкаларга жаракат алып келбегенге аракет кылам. Эми жүз тытылып, денедеги тактар, тиштин тактары калып эле турат дайым.

— Беттеште айрым атаандаштар тиштешеби?
Ооба ал болгон иш да. Негизи мойнуңан жана далыңдан көп тиштешет. Муну судьяларга байкатпай кылышат.
Улук спортчу кыз-келиндер менен таймашкан күн болгон беле?
Далай жолу болгон. Эң эле улуусу 28 жашта болгону менен аны уткам.
Болочок спортчу болууну кыялданган кыздарга кандай кеңешиңиз бар?
Дайыма өзүм курактуу дос кыздарыма спорт менен машыккыла деп кеңеш берем. Сөзсүз эле жекеме-жеке күрөш менен эле эмес. Эртең мененкисин чуркап туруу жакшы. Айрымдары угушуп, менин мисалга алып спорт карьерасын түзүшөт.
Грепплерлердин көпчүлүгү эле ММАга чыгышабы? Сиз каалабайсызбы?
Машыктыруучум Эмил Токтогонов ММАга шыгың бар экен, катыш деп суранып калчу. Кол кап берип, мени менен мушташ деп калат. Азырынча моюн бере элекмин, бирок качандыр бир күнү балким машыгып калышым мүмкүн. Аралашма күрөш да жагат мага.
Өзүңөр башкаларга устат болуп көрдүңөр беле?
Бир айга чукул 17-18 жашар кыздарды машыктыргам. Анда мен окуучу кезим эле. Андан кийин токтотуп, өз даярдыгыма көңүл бура баштадым. Келечекте узагыраак эле устат болуп иштеп көрөйүн деп жатам. Өзүм билген ыкмаларды кичинекей  балдарга көрсөтүү кызык болот деп ойлойм, өзгөчө кыздарга үйрөтүү.
Мурда мектепте да окуп, спортко да катышып кантип жетишчүсүз?
Кээде турнирлердин айынан мектепти көп калтыргам, бирок мугалимдер нааразы болушпайт. Алтургай мен тууралуу маалыматтар менен сүрөтүмдү мектептин ардак тактысына илип коюшкан. Мугалимдерим айтып калат “Сен биздин, элдин, келечек муундун сыймыгысың”- деп. Анан мен ого бетер шыктанып, спортко кызыгуум күч алып кала берчү да.
Балдар таарынтышпайбы?
Мурда мындай көп болчу (бул да менин секция тандоомо таасир этти), азыр болсо жок.
— Чел элдик спортчулардан кимдер жагат?
Грузиялык Лиана Жожуа. Ал ММА, греплинг, жиу-житсу боюнча турнирлерде таймашат. Анда спорт үчүн абдан керектүү баатырдык мүнөз бар.
Бош убактыңызда эмне кыласыз?
Спорт. Ал биринчи орунда турат. Ошондой эле жакындарым менен бирге болом. Бош убактым болуп калса спорт тууралуу кино тасмаларды көрөм. Эсимде калгандардан: «Крид: Роккинин мурасы» (2015), «Сологой» (2015) жана «Дангал» (2016). Мисалы, акыркысы атасы тарбиялап машыктырган күрөшчү кыздар тууралуу баяндайт. Ал кыздарына өзүн арнап, алар чемпион болуп калышкан.
Канча жашка чейин спорт менен алектенсем дейсиз?
25 жашка чейин. Андан кийин турмушка чыгам.
Эмне жөнүндө кыялданасыз?
Апам бактылуу болушун. Ал мени жалгыз өстүрүп чоңойткон (үч жашыман бери атасыз өскөм), мага бүткүл жанын арнады. Дайыма мыктысын кийип, жакшы турнирлерге чыгышыма аракет кылат. Аны ыраазы кылып, үй белек кылгым келет.
Азыр алдыда кайсыл мелдешке даярданып жатасыз?

Азыр 2-3 октябрда өтө турган өлкө чемпионаттыгына даярданып жатам. Жеңиш үчүн болгон күчүмдү жумшоого аракеттенип жатам.

Маегиңизге рахмат, ийгиликтер көп болсун. 
Сиздерге да чоң рахмат.

Эске салсак, Айдайдын чоң атасы машыктыруучу Орозбек Орозалиев Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги, Кыргыз ССРинин спорт чебери, эркин күрөш боюнча союздук маанидеги калыс, Кожомкул атындагы эл аралык мелдештин уюштуруучуларынын бири 1972-жылы эркин күрөш боюнча 68 кг салмакта Кыргыз ССРнин чемпиону болгон. 30 жылга жакын Нарын жана Ысык-Көл облустарында эркин күрөштөн машыктыруучу болуп эмгектенген. Орозбек Орозалиев машыктыруучулар Анаркул Кибраев, Серик Садыков, Атабек Алыбаев менен чогуу Мурат Кибраев, бир тууган Байыш жана Жаныш Төлөгөнов, Турат Койчуманов, Кенжебек Өмүралиев өңдүү эл аралык класстагы бир нече спорт чеберлерин даярдашкан. Миң-Куш айылындагы балдар-уландар спорт мектебине Орозбек Орозалиевдин ысымы ыйгарылган.