Домой Без рубрики Жумгалда билим берүү кызматкерлери сыйланышты

Жумгалда билим берүү кызматкерлери сыйланышты

4

Жумгал районунда жалпы 23 орто мектеби, 1 мектеп гимназия бар. Аларда жалпы 860 мугалим иш алып барат. Ошондой эле 24 бала бакчада 123 тарбиячы эмгектенип, тарбиялануучулардын саны 1730 бала. Балдардын бакчага тартылыш көрсөткүчү 65,4% түздү. Мындан тышкары кыска мөөнөттү 3 сааттык 8 бала-бакча орун алган.

Мамлекеттик администрациясынын «Ардак грамотасы» жана 2 миң сом акчалай сыйлыгы менен

1.Көк-Ой айылындагы С.Турусбеков атындагы орто мектебинин директору Кудайберген Чалов,
2.Кабак айылындагы И.Орозалиев атындагы орто мектебинин директору Токтобек Ысыранов,
3.Куйручук айылындагы А.Сулайманов атындагы орто мектебинин директору Бактыгүл Карымшакова,
4.Чаек айылындагы О.Ногойбаев атындагы орто мектебинин директору Гүлжан Жээнбекова,
5.Чаек айылындагы Т.Турсунбаева атындагы мектеп гимназиясынын, башталгыч классынын мугалими Зина Айтбаевалар сыйланышты.

Аны менен катар райондук билим берүү бөлүмүнүн «Ардак грамотасы» жана акчалай сыйлыгы менен
1.Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Самат Калдыбек уулу,
2.Жаңы-Арык айылындагы «Кызарт Таң-Нуру» бала-бакчасынын тарбиячысы Наргиза Жээнтаева,
3.Жаңы-Арык айылындагы Касымбек уулу Мамбетаалы орто мектебинин директору Эржан Асанов,
4.Байзак айылындагы «Айткул Автандил уулу» бала-бакчасынын тарбиячысы Алмакан Шамшыкеева,
5.Чаек айылындагы О.Ногойбаев атындагы орто мектебинин мугалими Тахмина Шекербекова,
6.Чаек айылындагы Т.Турсунбаева мектеп гимназиясынын мугалими Гүлнара Алыбаева,
7.«Наристе» бала-бакчасынын тарбиячысы Кулпунай Рустамбек кызы сыйланды.

Билим берүүгө кошкон салымдары үчүн ыраазычылык каттары менен Жумгал райондук жапы дарыгерлер практикалык борбору, Кочкор-Жумгал санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна, Миң-Куш жана Чаек айыл өкмөттөрүнө, «Кыргызтелеком» ААКнын Жумгал райондук бөлүмүнө, Жумгал РИИБнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясына берилди. Аны менен катар Нарын облусустук билим берүү бөлүмү тарабынан М.Алыбаев атындагы орто мектебинин мугалими Жыргалбек Сулаймановго «Ыраазычылык каты» тапшырылды.