Домой Билим Жумгал районунда 1 миңден ашуун окуучу 1-класска барды

Жумгал районунда 1 миңден ашуун окуучу 1-класска барды

4

Жумгал районундагы 24 орто мектеби, мектеп окуучулары үчүн эшиктерин ачышты.

Район боюнча бүгүн, 9 миңге чукул бала мектеп босогосун атташса, 1-класска миңге чукул окуучу кирди. Жалпы район боюнча 860 мугалим билим тарбия беришет.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Насыбалы уулу Байзак айылындагы Асылбек Молдокеев атындагы орто мектебиндеги салтанаттуу иш чарага катышып, өз куттуктоосун жолдоду. Бул жылы мектеп босогосун алгач ирет аттап жаткан Аким Тургуналиев 1-класска барганына сүйүнүп жатат.

“Менин атым Аким атам аты Тургуналы. Мен үй бүлөөдө 6 бир тууганмын. Мага мектепте окуган абдан жагат, мен жакшы окуп, келечекте чоң кесиптин ээси болом. Үйдөн бош убакта китеп окуп, досторум менен ойночумун”,- деди ал.

Ал эми ырчы болом деп кыялданган Алима үй бүлөөдө 5 бир тууган. Ал мектеп босогосун жаңы аттап жатып классташтарына тартынбай ырдап берди.

“Мен чоңойгондо ырчы болом. Ырдаган мага абдан жагат. Азыр ырдап берейинби?. Мектеп мага жакты. Сабакка калбай келем эми”- дейт ал.

Район аймагында авариялык абалда окуп жаткан 3 мектеп бар, дагы 3 мектептин курулушу бүтпөй келет.