Домой Жаңылыктар Кыргызкөмүргө директору болуп Мирлан Жакыпов келди (сүрөт, резюме)

Кыргызкөмүргө директору болуп Мирлан Жакыпов келди (сүрөт, резюме)

7

“Кыргызкомүр” мамлекеттик ишканасына жаңы директор болуп Мирлан Жакыпов дайындалды. Ишкананын басма сөз кызматы билдиргендей, Мирлан Жакыпов 2014-жылы ушул эле ишкананын директору болуп иштеген. Буга чейинки директор Марат Турдубаевдин дайындалганына бир ай эле болгон.

Жакыпов Мирлан Мустафаевич 1969-жылы Жумгал районунун Чаек айылында туулган. Чаек айылындагы «Москва» орто мектебин бүтүргөн.

Мирлан Мустафаевич 1987-1989 жылдары Аскерге чакырылып Советтер Союзу менен Кытай Эл республикасынын ортосундагы чек ара тилкесинде аскер милдетин өтөгөн. Андан соң Кыргыз Мамлекеттик Университетинин Юридикалык факультетин аяктап “юрист” адистигине ээ болгон.

Иш тажрыйбасы

-1990-1992 жылдары Кыргыз ССРнин сот системасында Кант районунун сотунда сот аткаруучу. 1992-2000 жылдары Чуй облусунун сотунда төраганын граждандык жана кылмыш иштери боюнча консультанты.

-2000-2002 жылдары «Домостройтемп» курулуш компаниясында  юридикалык бөлүмдүн башчысы.

-2002-2003 жылдары Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик Администрациясында Акимдин юридикалык кеңешчиси болгон.

-2003-2006 жылдары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар министрлигинде юридикалык жана материалдык жабдыкты камсыздоо башкармалыгынын башчысы болгон.
Замандын талабына жараша Мирлан Жакыпов, бизнеске көңүл буруп 2009 -жылы Кабак көмүр кенинде көмүр казып өндүрүүгө лицензия алып, Миң-Куш шаарчасында «Берекет» көмүр ишканасын негиздеген.

-2014 – жылы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасына башкы директору болуп дайындалган.

-2017 жылдан тартып жеке көмүр казып өндүрүү ишканасын жетектеп келген.

Энергетика тармагынын «Каарманы» жана «Отличниги». Түгөлбай Сыдыкбеков фондунун премиясынын лауреаты. Жумгал районунун ардактуу атуулу. Кыргыз Республикасынын ардактуу «Инсаны» наамдарына татыган.
Көмүр тармагын көп жылдардан бери билген адискөй.

Үй-бүлөөлүү 4 баланын атасы.