Домой Жаңылыктар Жумгалдагы ишкерлер​ бизнес пландоону үйрөнүштү ​

Жумгалдагы ишкерлер​ бизнес пландоону үйрөнүштү ​

29

Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы жана КР соода-өнөр-жай палатасынын Нарын облусундагы өкүлчүлүгү менен Борбордук Азиядагы Ханнс Зайдель фондунун каржылык колдоосуна ылайык​ бизнес-пландоонун ишкерликти өркүндөтүү, долбоор жазуу жана насыяларды пайдалануунун жол жоболору түшүндүрүлдү.

Жергиликтүү ишкерлер​ бизнес – планды түзүү​ тартиби, маркетинг, брендинг, сатуу, өздүк​ наркты эсептөө, экспорт, ишкердикти жүргүзүүдөгү​ багыттар каралып, кеп-кеңештерди берүү,​ пикир алмашуу жүргүзүлдү.​ Мындан сырткары райондук салык, социалдык фонддун, банк кызматкерлери катышып, ишкерчиликке тиешелүү​ талаптар, жол-жоболор, насыя, каржы боюнча​ боюнча айтып беришип, суроолорго жооп беришти.

Жергиликтүү ишкерлер төмөн пайыздагы насыялардын жоктугу жана бизнес долбоорлордун каржылоосу мурдагы жылдарга салыштырмалуу оорлоп кеткенин айтышат. Аны менен катар соода сатык жайларындагы ичимдиктердин көзөмөлгө алынбай жатышы, ишкерлерге салыктан​ жеңилдиктер берилбеши көйгөй экенин белгилешти. Аны менен катар райондо өндүрүлүп жаткан таза продукцияларды:  бал, алма ширеси, балык чарба, нан чыгаруу цехи, тигүү цехтеринин иштерин өркүндөтүүгө керектүү долбоорлор суралды.
КР соода-өнөр-жай палатасынын Нарын облусундагы өкүлү Бейшенбек Турсунбаевдин айтымында, райондогу негизги көйгөйлөрдөн​ болуп, өндүрүшчүлөрдүн​ кайда, кантип кайрылуусун билбегендиги, маалыматтын аздыгы, ушундай окутуулардын жетишсиздиги белгиленди. Мындан тышкары JICA эл аралык кызматташуу агенттигинин «Бир айыл, бир продукт» долбоору боюнча да кеңири маалыматтар берилип, аталган долбоор менен райондун аймагында чакан ишканалар кызматташып, колдоо тапканы да айтылды.