Домой Билим Жумгалдагы 5 мектепке жаңы директорлор келди

Жумгалдагы 5 мектепке жаңы директорлор келди

12

Жумгал районунун аймагындагы орто мектептерде салттуу окуу башталып, айрым мектептин директорлору алмашты. Алсак райондун Жаңы-Арык айылындагы А.Идинов, Куйручук айылындагы А.Сулайманов, Байзак айылындагы А.Молдокеев, Баш-Кууганда айылындагы Ш.Садыбакасов жана Арал айылындагы Б.Кожоналиева атындагы орто мектептеринин директорлору алмашты.

БАЙЗАК

Байзак айылындагы А.Молдокеев атындагы орто мектебинен директор болуп Жолдубаева Жаркын Турускуловна келди.

Ж.Жолдубаева 1966-жыл​ жылы Байзак айылында туулган. Билими жогорку, Орус тили жана адабияты педагогикалык институту (ПИРЯ и Л) окуу жайын бүтүргөн. Адистиги орус тили жана адабияты мугалими.

Иш тажрыйбасы:​
-1990-жылы Молдокеев Асылбек атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты сабагынын мугалим,
-2006-жылдан 2009-жылга чейин окуу бөлүмүнүн башчысы,
-2009-жылдан 2018-жылга чейин окуу тарбиялык иштери боюнча директордун орун басары,
-2019-жылдан бери соц педагог кызматын аркалап келген.

Алган сыйлыктары: мектеп, айыл өкмөт, райондук билим берүү, областтык билим берүүнүн жана профсоюз уюмунун​ “Ардак грамотасы” менен чыйланган.
-2008 жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы,
-2011 жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси,
-Кыргыз Республикасы “Билим ордо мугалимдер коомдук фондусу тарабынан 2014-2015 жылындагы “Менин сүйүктүү мугалимим” наамындагы Алтын медалдын ээси.

Үй-бүлөлүк абалы: Үй бүлөлүү үч уулдун энеси

КУЙРУЧУК

Куйручук айылындагы А.Сулайманов орто мектебинин директору болуп Карымшакова Бактыгүл Масировна дайындалды.

Карымшакова Бактыгүл Масировна 1970- жылдын 25- октябрында, Жумгал районуна караштуу Кызыл туу (Куйручук) айылында кызматчынын үй бүлөөсүндө туулган. 1978- жылы Кыргызстан комсомолунун 50 жылдык атындагы орто мектебине 1- класска кирип, 1989 – жылы мектепти ийгиликтүү аяктайт. Ушул эле жылы Фрунзе шаарындагы КЖПИ институтунун башталгыч класстар бөлүмүнө кирип окуп мугалимдик кесипке ээ болгон.

Эмгек стажы жалпы 31 жыл, анын ичинен мугалимдик стажы 20 жыл. 7 жыл мектепте директордун окуу бөлүмүнүн башчысы милдетин аткарган. Айылдык советтин депутаты, 2017-жылдан бээри “Куйручуктун​ кыздары” шайыр апалар тобунун жетекчиси болуп келет.

Сыйлыктары:

Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы, 2008-жыл.
Курманжан Датканын 200 жылдыгына карата уюштурулган “Даткайым” кароо сынагында I-орун 2011-жыл.
Кыргыз Республикасы “Билим-Ордо” мугалимдер коомдук фонду “МЕНИН СΥЙΥКТΥΥ МУГАЛИМИМ” кароо сынагынын жыйынтыгы менен “Алтын медалы” жана дипломунун ээси 2012-жыл.
Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн чечими менен “Автандил Кулбараков” атындагы “Жылдын мыкты мугалими” аттуу сыйлыктын ээси, 2013-жыл.
Нарын облустук Билим Берүү бөлүмү тарабынан «Ардак Грамота» 2018-жыл.
Жумгал райондук Билим Берүү бөлүмүнүн «Ардак Грамотасы» 2019-жыл.
Кыргыз Республикасынын Билим Берүү жана Илим Министрлигинин «Ардак грамотасы» 2019-жыл.
Кыргыз Республикасынын Аялдар конгрессинин жылдын «Мыкты айымы» алтын медалынын ээси, 2020-жыл.
Жумгал райондук Билим Берʏʏсʏ тарабынан уюштурулган окуучуларга аралыктан билим берүүдө, 23-сентябрь «Мамлекеттик тил» кұнұнө карата уюштурулган «Мыкты класстык саат» сынагында I-орун, 2020-жыл.

Кошумча маалыматтар: Аблас Сулайманов атындагы орто мектебиндеги «Энелер мектебинин» жетекчиси.
Куйручук айылындагы «Куйручуктун кыздары» Шайыр апалар тобунун жетекчиси.

Үй-бүлөөлү 3 кыз, 1 уулдун энеси.

Улуу кызы Медина КГУСТА да мугалим. Экинчи кызы Жакут кесиби боюнча экономист. Уулу Дастан мектепте мугалим. Кызы Сайкал 6- класста окуйт. Учурда 4 неберенин чоң апасы.

Жолдошу Уран Шаршеналиев кесиби боюнча вет врач.

БАШ-КУУГАНДЫ

Баш-Кууганды айылындагы Ш.Садыбакасов атындагы орто мектебинин директору болуп
Карагулова Айжамал Шабданбековна дайындалды.

А.Карагулова 1983-жылы туулган. 4 баланын энеси Ж.Баласагын атындагы КУУнин Химия жана химиялык технология факультетин 2006-жылы аяктаган.

Эмгек жолун: Ш.Садыбакасов орто мектебинен баштап 2008-2011-жылы химия мугалими,
2011-2021 жылга чейин окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Айылдык, райондук билим берүүнүн жана Нарын облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн ардак грамоталарынын ээси.

ЖАҢЫ-АРЫК

Жаңы-Арык айылындагы А.Идинов орто мектебине директор болуп Узакова Медина Эсентаевна келди.

Узакова Медина Эсентаевна 1985-жыл туулган.
Билими; жогорку, магистр И.Арабаев атындагы КМУнун “География, экология жана туризм” факультетинин, “география” адистиги боюнча мугалим кесибин алган 2002-2008 ж.ж.

2015-2018-жылдары ушул эле окуу жайдын
“Менеджмент багыты” адистиги боюнча магистрды бүтүргөн.

ИШ ТАЖРЫЙБАСЫ;
2007-2010 ж.ж Жаңы-Арык айылындагы Рысалы Солтонбеков атындагы орто мектебинде география мугалими,
2010-2011-ж.ж Рысалы Солтонбеков атындагы орто
мектебинде класстан тышкаркы тарбия иштери боюнча директордун орун басары,
2011-2016-ж.ж Рысалы Солтонбеков атындагы орто
мектебинде окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп иштеген.
2021-жылдын сентябрына чейин бош жүргөн.

2008-жыл Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы
2011-жыл Жаны Арык айыл өкмөтүнүн Ардак грамотасы
2012-жыл Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы
2013-жыл “Билим Ордо” мугалимдер фондусунун “Менин сүйүктүү” мугалимим наамындагы
кароо конкурсунун “Алтын медалы” ээси
2014-жыл Кыргыз Республикасынын илим берүү илим министрлинин Ардак грамотасы
2015-жыл Нарын облустук билим берүү борборунун Ардак грамотасы

Үй бүлөөлү 2 уулдун апасы

АРАЛ

Жумгал районунун Арал айылындагы Б.Кожоналиева атындагы орто мектебине Турусбекова Тамчыгүл Кашкарбековна дайындалды.

Т.Кожоналиева 1965-жылы Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында туулган. Кесиби жогорку, Орус тили жана адабияты педогогикалык институту (ПИРЯ и Л) 1983-1988 жылдары.

Эмгек жолун 1988-жылы Жумгал районунун Байзак айылындагы А.Молдокеев атындагы орто мектебине кирип, орус тили жана адабияты мугалими болуп иштеп баштайт,
2013-2015 жылдары ООН Женщин долбоору менен иш алып барган Лидер айым,
2015-2021 жылга чейин коомдук ишмер, Жумгал райондук АКНС коомдук бирикмесинин координатору, Президенттин алдындагы “Элдик көзөмөл Акыйкат үчүн” коомдук бирикмесинин Жумгал району боюнча координатору.

Сыйлыктары: мектеп, айыл өкмөттүн, райондук билим берүү бөлүмүнүн,
облустук билим берүү бөлүмүнүн, кесип бирлигинин “Ардак грамоталары” менен сыйланган. ООН Женщина уюмунун Ыраазычылык каты, Ардак грамотасы,​ 2015-жылы ООН Женщина уюмунун ардактуу мүчөсү, төш белгисинин ээси.
2013-жылы А.Молдокеев атындагы орто мектебинин “Даткайым” сынагынын жеңүүчүсү.

Үй-бүлөлүү 4 баланын энеси (2 кыз, 2 эркек).