Домой Жаңылыктар Covid-19 :​ Жумгалдагы кайсы мекемелер жашыл зона?

Covid-19 :​ Жумгалдагы кайсы мекемелер жашыл зона?

17
Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында​ Covid-19 илдетине карата эмдөө 90-100% эмдөө алган мекемелер «жашыл зона» сертификаттары менен сыйланышты.
Иш-чарага жергиликтүү активистер, мекеме жетекчилери менен​ район​ акими Жамшит Матанбаев, орун басары Фатима Өмүралиева ,​ Кочкор-Жумгал​ районорунун​ санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Бактыгүл Орозбакова, райондук жалпы дарыгерлер практикалык​ борборунун директору Айнура Тентиева катышты.
Алгач райондогу эмдөө иштери тууралуу дарыгерлер маалымат беришти, андан соң элге түшүндүрүү иштери кайсы мекемелерде жакшы , жаман жүргүзүлүп жатканы айтылды. Райондук жалпы дарыгерлер практикалык​ борборунун директору Айнура Тентиеванын айтымында​ райондо​ жалпы​ 15586 адам эмдөөгө болот деген тыянак бар. Алардын бүгүнкү күндө 6776 адамы эмдөөдөн өтүп,​ көрсөткүч 43,65 %​ түзгөн.
«Жашыл зона» сертификаты​ Миң-Куш айылындагы А.Ибраимов орто мектеби, Жумгал райондук токой чарба мекемеси, «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Жумгал райондук бөлүмү, Райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы, Чоң-Дөбө айыл өкмөтүнүн жамааты алышты.
Зң