Домой Билим Жумгалда курулушу токтоп турган 3 мектеп бар

Жумгалда курулушу токтоп турган 3 мектеп бар

4

Жумгал районунда учурда курулушу токтоп турган 3 мектеп бар.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматында, райондун Таш-Дөбө айылындагы Таш-Дөбө орто мектеби, Баш Кууганды айылындагы Ш.Садыбакасов, Кабак айылындагы И.Орозалиев орто мектептери учурда каражат жок токтоп турат.

Ал эми арты 2-3 алды 4 жылдае бери курулушу бүтпөй турган Кызыл Жылдыз айылындагы К.Акыев, Кызарт айыдындагы А.Идинов мектептеринде курулуш иши жүрүп жатат.

Ал эми ӨКМдин корутундусу чыккан 3 мектеп бар. Алар Миң-Куштагы А.Ибраимов, Лама айылындагы Лама, Эпкин айылындагы А.Садырбаев орто мектептери. Булар келечекте жаңы мектеп курууга муктаж.